Кыргыз келиндин сөөгүн жиликтеп салган түрк кайын ата окуяны себебин айтты

Кыргыз келиндин сөөгүн жиликтеп салган түрк кайын ата окуяны себебин айтты

Кыргызстандык аял Түркияда кайын атасы колдуу болуп өлгөн. Окуя Текирдаг шаарында эркезкой районунун Истасион-Махаллеси Ортанка көчөсүндөгү батирде мурдагы күнү кечки саат 21:00дө болгон. Бул тууралуу haberturk.com маалымдайт.

Кылмышка шектүү Фехми А. (65 жашта) Кыргызстандан келген келини менен эки баланын энеси Аят А. (31 жашта) белгисиз себептерден улам үйдө эч ким жок болгон учурда урушкан.

DHA кабарына ылайык, талаш күчөгөндөн кийин Фехми А. келини Аят А.га бычак сайган. Бир аздан кийин үйгө келген Фехми А.нын аялы канды көрүп, эмне болгонун сурап, күйөөсү келинин өлтүргөнүн айткан. Андан полицияга кабарланган.

Полиция кызматкерлери тарабынан үй тинтүүгө алынганда, өлтүрүлгөн Аят А.нын бөлүктөрү жарым жартылай үйдүн ваннасындагы таштанды челегинен, калган бөлүгү  01 BH 485 мамлекеттик номурлуу үйдүн алдында токтоп турган автоунаанын багажынан таштанды салынган баштыктардан табылган.

Окуя болгон учурда өлтүрүлгөн Аят А.нын күйөөсү жумушта экени белгилүү болгон. Прокуратура жана полиция тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдөн кийин, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын дене бөлүктөрү экспертизадан өтүү үчүн Эркезкой мамлекеттик ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген.

Кыргыз келини Аят А.ны бычак менен өлтүрүп, бөлүктөргө бөлүп салган Фехми А.га карата милициянын операциялары аяктады. Шектүү ден соолугун текшергенден кийин эркезкой сотуна өткөрүлүп берилген.

Ал арада шектүүнүн милиция бөлүмүндө берген көрсөтмөсүндө, келинине окуя болгон күнү неберелери жакшы каралбаганын эскерткен. Бирок келини аны кемсинткендиги үчүн ал ушундай кадамга барган.

Сөөктү жиликтеп салган. Түркияда кыргызстандык аял өлдү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>