Аида Касымалиева Евразия Аялдар форумуна катышууда

Аида Касымалиева Евразия Аялдар форумуна катышууда

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана депутат Гүлшат Асылбаева Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Евразия Аялдар форумуна катышууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан Евразия Аялдар форуму планетанын бардык континенттеринин лидер аялдарынын башын бириктирген ири аянтча болуп эсептелет.

Быйылкы форум Орусиянын жыйынынын Федерация Кеңеши жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулду. Иш-чара “Аялдар: жаңы миссиядагы глобалдык миссия” темасында өтүүдө.  Анда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө аялдардын ролун күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты арттыруу, ошондой эле глобалдык көйгөйлөрдү жаңы реалдуулукта чечүү багытытындагы маселелер талкууланууда.

Иш-чарага аял депутаттар, аткаруу бийлигинин, эл аралык уюмдардын, глобалдык корпорациялардын, бизнес чөйрөлөрдүн, илимий коомчулуктун, коомдук уюмдардын жана кайрымдуулук долбоорлорунун өкүлдөрү, эл аралык аялдар кыймылынын кадыр-барктуу ишмерлери катышууда.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева мамлекет ичинде жана дүйнөлүк алкакта жалпы адамзатка тиешелүү маселелерди чечүүдө аялдардын ролу жогору экенин белгилеп: “Глобалдык коопсуздукту камсыздоодо, социалдык прогрессте, экономикалык өсүштүн жаңы моделдерине өтүүдө, саламаттыкты сактоону жана жогорку технологиялуу өндүрүштү өнүктүрүүдө, экология менен климаттын глобалдык көйгөйлөрүн чечүүдө аялдардын салымы чоң. Айрыкча мыйзамдык базаны калыптандырууда аялдардын жигердүүлүгү өтө маанилүү. Андыктан гендердик теңсиздикти жоюуга багытталган чараларды колдоого алуу шарт”, – деди. Муну менен катар аялдардын парламенттеги орду жөнүндө да ой бөлүштү. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>