АКШ: Полициянын огунан каза болгон Нургазыга акча чогултула баштады

АКШ: Полициянын огунан каза болгон Нургазыга акча чогултула баштады

GoFundMe краудфандинг платформасы аркылуу акча чогултуу башталды. Ал сайтта кимден канча каражаты түшүп жатканы көрүнүп турат. Акчанын чогулуп жатканына 10 саатка чукулдап калды.

Ал сайтка маркум Нургазынын бир тууганы Адилет Мамыровдун кайрылуусу жарыяланган. Ал кайрылууда, Нургазынын жаңы гана үйлөнгөнү, бирок, ал жубайы менен бал айын дагы өткөрө албай калганы, мындай коркунуч ар бир мигранттын башына келе турчу окуя экенин көрсөткөнү айтылат.

Ошондой эле чогултулган каражаттын бир бөлүгү кыргызстандыктын өлүмүн эркин иликтөө жүргүзүүгө жумшалса, бир бөлүгү туугандарына берилээри маалымдалган.

5-октябрда АКШнын Пенсильвания штатындагы айдоочулар эс ала турган жайдан полиция 28 жаштагы кыргызстандыкты атып салышкан. Учурда окуя эмнеден улам болгону боюнча так маалымат жок. Бир божомолдо маркум иштеген компания жетекчисинин талашы себеп болсо, экинчисинде полицияга баш бербей койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>