Кыргызстан КМШны Ооганстанга жардам берүүгө чакырды

Кыргызстан КМШны Ооганстанга жардам берүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүн Ооганстанга жардам берүүгө чакырды бүгүн видеоконференция режиминде өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында.

Ал өз сөзүндө, «эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Афганстанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн.

Бул өз кезегинде аталган өлкөдө граждандык согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилизациялашы ыктымал.

Буга байланыштуу, учурдан пайдаланып, эл аралык коомчулукка кайрылып, көрсөтүлгөн чакырык жана коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алууга, ошондой эле көп улуттуу афган элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырам”-деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>