“Ералаштын” режиссеру балдар порносун чогултканы үчүн кармалды

“Ералаштын” режиссеру балдар порносун чогултканы үчүн кармалды

“Ералаш” балдар берүүсүнүн режиссеру Илья Белостоцкий өспүрүмдөргө тыюу салынган видео жана сүрөттөрдү жайылтканы үчүн шектелип кармалды. Бул туурасында Tengrinews.kz РЕН ТВга шилтеме берип жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, видео материалдарында өспүрүмдөргө жыныстык катнаш, зордуктоо (педофилия) элементтери табылган. Пресненский райондук соту Илья Белостоцкийдин баш коргоо чарасын узартты. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесинин 2-бөлүгү (12 жаштагы,  14 жашка чыга элек өспүрүмдөргө карата ыплас аракеттер) боюнча айыпталууда.

Учурда иликтөө иштери соңуна келип калды. Бирок, күбөлөрдөн сурак алуу маалында балдар порносун коллекциясын чогултуп жүргөнүн айтып берген. Муну менен дагы жаңы берене кошулуп калышы мүмкүндүгү айтылууда.

Бир жыл илгери социалдык тармактарда аталган режиссердун ооруга чалдыкканы туурасында айта баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>