Үрөй учурган жол кырсыктан бир киши мерт кетти (ВИДЕО)

Үрөй учурган жол кырсыктан бир киши мерт кетти (ВИДЕО)

Ысык-Ата районунун Новопокровка айлындагы жол кырсыктан бир киши ооруканадан көз жумду. Бул маалыматты Reporter.kg′ге Чүй облустук милиция тастыктады.

Малыматка караганда, ВАЗ2199 үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 18 жаштагы Ш.И. бейтапканадан өзүнө келе албай жатып каза тапты. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза өттү.

Ушул тапта иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

Жол кырсыгы Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы чоң жолдо 20-октябрь күнү саат 9 чамасында болгон. ВАЗ 2199 менен Mercedes-Benz үлгүсундөгү унаалар кагышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, ВАЗ 2199 каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын алдына кирип кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>