Чет элдиктерге кыргыз паспортун берген мамкызматкер кармалды

Чет элдиктерге кыргыз паспортун берген мамкызматкер кармалды

Чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт берген Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси “O.T.A.” кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, “O.T.A.” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жаранынын паспортун Өзбекстандын жарандары “Ю.М.У.” жана “С.М.С.” белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу  жана Паспортту мыйзамсыз берүү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки тергөө иши башталды. Буга тиешелүү бөлөк байланыштар, иштери иликтөөгө алынууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>