Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Дүйнөлүк оюн: Айпери Медет кызы атаандашын бир мүнөттө жеңди
03.11.2021 | 17:05
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы атаандашы эквадордук Розангела Реаско Валдести бир мүнөттө жеңди.
Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Андан кийин Айпери Медет кызы атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти
3-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталды.
Ошентип, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт