Саат 14:00го карата партияга 602 миң 432 жаран добуш берди

Саат 14:00го карата партияга 602 миң 432 жаран добуш берди

Бүгүн, 28-ноябрь, саат 14:о0гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 602 миң 432 жаран же жалпы шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

«Жалпы шайлоочулардын ичинен, Бишкек шаары боюнча 435 миң 800 шайлоочудан 66 миң 869 жанар өз добушун берди же 15, 34 пайызы түздү.  Ал эми Ош шаары боюнча 155 миң 718 шайлоочудан 28 миң 192 жаран шайлоого катышты же 18,10 пайызды түздү»,- деди ал.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча облустарда шайлоочулардын келип добуш берүүсү төмөнкүчө:

Жалал-Абад облусу – 116284 шайлоочу же 16,99%,

Ысык-Көл облусу – 48366 шайлоочу же 15,35%,

Нарын облусу – 39108 шайлоочу же 18,94%,

Ош облусу – 129 039 шайлоочу же 17,39%,

Талас облусу – 29949 шайлоочу же 18,50%,

Чүй облусу – 87 094 шайлоочу же 14,24%,

Баткен облусу – 54 811 шайлоочу же 17,91%,

Чет өлкөлөрдө – 2720 шайлоочу же 3,23%.

Айта кетсек, бүгүн Кыргызстанда жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия (1004), бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>