“Эл үмүтү”: Биз парламенттен Жапаровдун отставкасын талап кылмакпыз

“Эл үмүтү”: Биз парламенттен Жапаровдун отставкасын талап кылмакпыз

Биз парламентке өтүп келсек Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылмакпыз. Бул туурасында  “Эл үмүтү” партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул шайлоолор жаңы мыйзамдын негизинде өтүп, БШК элге кантип добуш берүү керектигин түшүндүрө алган жок. Үгүт үчүн бир ай аздык кылат.

«Көптөгөн мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу фактылары болгон. Бүгүн ЖКга шайлангандардын 10%ы гана шайлоочулар менен жолугушту. Биз жөн эле акча жоготтук ”, — деди ал.

Ошондой эле ал,  “эгерде, биз парламентке өтүп келсек, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин талап кылмакпыз. Анткени, Жапаров Казакстандан күйүүчү май маселесин көтөргөн эмес” – деди.

“Эл үмүтү” партиясы парламенттик шайлоого өтпөй калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>