“Эл үмүтүнүн” лидери бир мандаттуу округдан шайлоого барат

“Эл үмүтүнүн” лидери бир мандаттуу округдан шайлоого барат

“Эл үмүтү” саясий партиясынын өкүлү Алмаз Аскар уулу Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округ боюнча шайлоого катышууну пландоодо. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Болот Ибрагимов бүгүн, 17-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Эске сала кетсек, жакында Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондорунда шайлоо өтөт.

Анын айтымында, эми бул маселе саясий кеңеште каралат, кайсы аймактан чыгаары азырынча белгисиз.

Ал ошондой эле добуштарды автоматтык түрдө санаган урналарды иши боюнча комментарий берди.

“Урналар бюллетендерди жараксыз деп эсептесе, кол санакта көрүштү да, алдыңкы шайлоолордо добуштарды автоматтык түрдө эсептеген урналардын кереги деле жок, анткени алар эч нерсеге жарабайт”, — деп билдирди Ибрагимов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо болду. Анда шайлоо босогосунан алты партия өттү. Алар: “Ата Журт – Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Ыйман нуру”, “Бүтүн Кыргызстан”.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>