Адахан Мадумаров депутаттарга эки тартипти сунуштады

Адахан Мадумаров депутаттарга эки тартипти сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жалпы кесиптештерине эки тартипти сунуштады.

“Иш саат ондо башталат дегенде баштасак. Саат онго беш мүнөт калганда келип отурсак. 6-7 жаштагы биринчи класттын окуучулары 7;30 га сабакка барып жатат. Укаланып мобу жерде туруп алып анан 7-жолу чогулуш өткөрөсүңөр кайра. Тартипти өзүбүздөн баштасак. Биринчи саат 10:00дө иш башталышы керек” – деди.

Ошондой эле ал, тил маселесине токтолуп орусча-кыргызча сүйлөп жаткан депутат Султанбай Айжигитовго тийиштүүдөй маселе көтөрүп чыкты.

Сүйлөгөндө таза орусча же таза кыргызча сүйлөсөк. Аталасын чыгарбасак. Комитеттин төрагасы болобу же башкасы болобу баяндама жасап жатканда кыргызча билбейби анда Лев Толстойдун тилинде сүйлөсүн. Кыргызча сүйлөйсүңбү анда аралаштырбай сүйлө”— деп сунуш киргизди.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин түзүмү каралып жатат. Баяндаманы Султанбай Айжигитов жасап жаткан. Ал орусча кыргызча аралаштырып баяндама жасаган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>