Кыргызстан нотариалдык палата түзүүнү көздөөдө

Кыргызстан нотариалдык палата түзүүнү көздөөдө

Юстиция министрлиги жеке жана мамлекеттик нотариустардын ишин жөнгө салган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү коомдук талкууга койду.

Нотариат институтун реформалоо, кесиптик квалификациясын, статусун жогорулатуу, ошондой эле укуктарын, милдеттерин жана чектөөлөрүн белгилөө сунушталууда.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик нотариус жеке нотариустан айырмаланып, төмөнкүлөргө укуктуу экени айтылат:

мүлктү ажыратууга тыюу салуу;

мүлктү ажыратууга тыюу салууну алып салуу;

мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү;

мураска калган мүлктү коргоо боюнча чараларды көрүү;

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колунун аныктыгын тастыктоо.

Түзөтүүлөрдүн авторлору нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо мамлекеттик жана жеке нотариустардын укуктарын теңдетүүнү сунуштап жатышат. Ошол эле учурда мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу жана алып салуу жокко чыгарылсын, анткени бул кайталанма функция болуп саналат. Муну Каттоо кызматы жана Мамкаттоо жүргүзөт. Бул нотариалдык аракеттерди тизмеден алып салуу мамлекеттик нотариустардын түйшүгүн азайтып, акчаны үнөмдөөгө шарт түзөт.

«Жеке нотариустарды унификациялоо бирдиктүү укук колдонуу практикасын киргизүүгө жана алардын квалификациясын жогорулатууга мүмкүндүк берет, ошондуктан бул мыйзам долбоору менен ага жеке нотариустарды милдеттүү түрдө киргизүү менен бирдиктүү нотариустар палатасын түзүү сунушталууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул уюмга төмөнкүдөй функцияларды берүү сунушталууда:

жеке нотариалдык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн кайрылган адамдар үчүн стажировканы уюштуруу;

жеке нотариустардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана даттанууларды кароо;

жеке нотариустун этикалык жүрүм-туруму.

Кыргызстанда реестр боюнча 350гө жакын жеке, 90 мамлекеттик нотариус бар экени көрсөтүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>