VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөтДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирдиКөчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында 950 аккредитациядан өткөн журналист иштейтСалык кызматы салыктарды эсептик каттоого турган жер боюнча төлөө зарылдыгын эскертти
28 жаштагы жаран «Йакын-Инкар» диний уюмунан чыкты (ВИДЕО)
27.01.2022 | 17:28
Чүй облусунда Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний уюмунун мүчөсү аталган уюмдун көз караштарынан колдоодон баш тартты. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну мындан ары аталган уюмдун көз карашын колдобой турганын айтып, мурда жаңылыштык кылганын билдирген. Ал коомчулукту тыюу салынган диний уюмдардын азгырыктарынан алыс болууга чакырды.
“Йакын инкар” диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган “Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп саналат. Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөнгө тыюу салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар