Садыр Жапаровдун коомчулукка белгисиз сүрөттөрү

Садыр Жапаровдун коомчулукка белгисиз сүрөттөрү

2021-жылдын 28-январында, Садыр Жапаров өлкө Президенти кызматына киришип, Кыргыз Республикасынын элине ант берген. Садыр Жапаровдун Кыргызстандын Президентинин кызматына келгенинин бир жылдыгына арналган сүрөттөрдүн сериясын, анын ичинде буга чейин жарыяланбаган кадрларды басма сөз кызматы  сунуштады.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо имараттан сырт жайда добуш берүү. Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым. Бишкек, 10-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бишкек, 23-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго белекке бал берди.

Небере менен бактылуу көз ирмемдер. Бишкек, 4-август, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров жакындарынын курчоосунда. Бишкек, 4-август, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров үй-бүлөсү менен. Бишкек, 4-август, 2021-жыл.

Өнөр жай продукцияларынын жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен баарлашуу. Түркмөнбашы, 6-август, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын искусство чеберлерине Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият ишмерлеринин концертине ийгиликтүү катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Түркмөнбашы, 7-август, 2021-жыл.

Токиодо өткөн ХХХII жайкы Олимпиада-2020 оюндарынын катышуучуларын сыйлоодон кийин. Бишкек, 23-август, 2021-жыл.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларда жапа чеккен Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө курулган жаңы үйлөрдү көрүп чыгуу учуру. Баткен облусу, 27-август, 2021-жыл

 

Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы майрамдалууда. Бишкек, 31-август, 2021-жыл.

 

Президенттин үй-бүлөсү Мамлекеттик ипотекалык компанияга өз үйүн кайтарымсыз өткөрүп берди. Бишкек. 30-сентябрь, 2021-жыл

Кезектеги жумушчу иш сапар, бул ирет Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна сапар алууда. 9-октябрь, 2021-жыл.

Мамлекет башчысы “Алтын балалык” медициналык-реабилитациялык комлексине барды. Чолпон-Ата, 30-октябрь, 2021-жыл.

 

Глазгодон кайтаардын алдында жээкти бойлоп сейилдөө. 2-ноябрь, 2021-жыл.

Стамбулда ТМККнын баш кеңсесинин ачылышы. 12-ноябрь, 2021-жыл

Садыр Жапаров Беловодское айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык мекемесинин тарбиялануучулары менен баарлашууда. 3-декабрь, 2021-жыл.

Футболдук машыгуу. Декабрь, 2021-жыл.

Атактуу «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары УКМКнын Чек ара кызматына берилди. 18-декабрь, 2021-жыл.

Президенттик балдар балатысындагы селфи. 24-декабрь, 2021-жыл.

Караколдун карлуу тоолорунда. 1-январь, 2022-жыл.

Кумтөр кенинде. 2-январь, 2022-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>