«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталдыПутин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болууда
Кытай Кыргызстанга эмне жардам берет? (ТИЗМЕ)
07.02.2022 | 15:54
Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган иш сапарынын натыйжасында эки өлкөнүн башчылары кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу 7-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
- Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;
- 2021-2024-жылдарга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы маданият тармагындагы кызматташуу программасы;
- Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытайдын ЖМК жана басма сөздү башкаруу мамлекеттик башкармалык ортосундагы классикалык улуттук көркөм чыгармаларды жана адабиятты өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол;
- Кыргызстан жана Кытайдын Улуттук статистикалык мекемелеринин ортосундагы статистика чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы жашыл чөйрөнү өнүктүрүү инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кытайдагы Циндао шаары менен Бишкек шаарынын ортосунда Дэн Сяопин баштап Алыкулов көчөсү, Кустанайский көчөсүнө чейин батыш зонасын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандум.
Жапаровдун 3-февралда башталган иш сапары 6-февралда аяктаган. Алгач өлкө башчы 4-февралда Кытайдын Бээжин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат