Ош санэпидкөзөмөл кызматынын жетекчиси кармалды

Ош санэпидкөзөмөл кызматынын жетекчиси кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору «О.С.М.» кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык Оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөл кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында контролдук-көзөмөлдөө иш-милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын 9-февралында Жазык-процесстик кодекстин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары “О.С.М.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>