Журналист Семетей Талас уулун кармап кетишти (ВИДЕО)

Журналист Семетей Талас уулун кармап кетишти (ВИДЕО)

Бүгүн, 18-февраль күнү 11:30 чамасында белгисиз күч кызматкерлери келип белгилүү журналист Семетей Талас уулун күч органдары кармап кетти. Бул туурасында Reporter.kg′ге журналисттин жубайы Айым Усупбаева билдирди.

Мен жумушта болчумун. Бир маалда эле апам чалып, кармап кеткенин кабарлады. Үйдүн баарын тинтип, төшөктөрдөн бери чачышты дешти. Ашканадан бери тинтип, диний китептерди аңтарып, алып кетиптир. Анткени, биз намаз окуйбуз да, бизде диний китептер бар. Андан тышкары кызымдын, баламдын, менин чөнтөк телефондорумдун тышкы каропкаларынан бери алып кетишиптир. Кимдер экенин айтышпаптыр. Апам менен Семетейди такыр сүйлөштүрбөй коюшуптур, Семетей “мамаң чал деп”- балама айтканга араң үлгүрүптүр” – деди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы бул иш аракеттерге тиешеси жок экенин билдирди. Азырынча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратура үн ката элек. Журналистти эмне себептен жана ким кармап кеткени азырынча белгисиз бойдон. Буга чейин журналист бийликти сындап келген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>