Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Талас шаарындагы жаңыланып жаткан К. Нуржанов аллеясы Эгемендүүлүк күнүндө расмий ачылат
18.08.2026 | 11:48
Талас шаарындагы К. Нуржанов атындагы аллея толугу менен жаңыланып, Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын майрамдоо учурунда өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, аллеяны реконструкциялоо иши президенттин жеке колдоосу жана тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында аймакта төмөнкүдөй шарттар түзүлөт:
- эс алуу жайлары жана бутиктер;
- китепкана жана Wi-Fi зонасы;
- воркаут (спорттук) аянтчалары;
- фонтан жана заманбап жарыктандыруу.
Бүгүн, 18-августта, Эрмат Жумаев объекттеги курулуштун сапатын текшерип, аныкталган кемчиликтерди жоюуну тапшырды. Ал белгилегендей, аллея шаар тургундары жана туристтер үчүн заманбап маданий-эс алуу борборуна айланмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом




