Таласта курулуш министри Орунтаев подрядчы менен кайым айтыштыКыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылат
Беттеш токтотулду. Бусурманкул Абдибаит уулу ооруканага түшүп калды
18.02.2022 | 12:14
Eagle FC 45 турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу (14-3-1) менен россиялык мушкер Расул Магомедов (9-3) беттешиши керек болчу, бирок алардын беттеши өтпөй калды.
“Шашылыш кабар! Мага белгилүү болгондой, Бусурманкул ооруканага жаткырылган, анын Eagle FC турниринде Расул Магомедовго каршы беттеши токтотулган! Бусурманкулдун ден соолугу салмакта аябай начарлап кетти. Ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды. Азыр ал дагы эле ооруканада жана ал жерде жок дегенде бир жума калат”, – деп жазат MMA журналисти Игорь Лазорин өзүнүн Instagram баракчасында.
Эске салсак, Бусурманкул Абдибаит уулу менен Расул Магомедов 18-февралда Москвада Eagle FC чемпиондук наамы үчүн беттеши өтмөк.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт