Орусияда мигранттар үчүн жаңы эреже түйшүк жаратууда

Орусияда мигранттар үчүн жаңы эреже түйшүк жаратууда

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргыз жарандарынын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсүн, ошондой эле дактилоскопиялык каттоосун жана сүрөткө түшүүсүн караган жаңы миграциялык эреже киргизилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Тышкы иштер министрлиги 2021-жылдын 29-декабрында «РФда чет өлкөлүк жарандарынын укуктук абалдары жөнүндө» Федералдык мыйзамына жана «РФда мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» РФнын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ Федералдык мыйзамы күчүнө киргенин маалымдайт.

Тилекке каршы, жыл башынан тарта жогоруда аталган жол-жоболордон өтүүнүн кыйынчылыктары байкалууда. Азыркы убакта Москвага жана Москва облусуна келген кыргыз жарандары үчүн бардык милдеттүү жол-жоболор Москванын жана Москва облусунун көп функционалдуу миграциялык борборлорунда жүргүзүлүп жатат, ал жерлерде көптөгөн кезек күтүүлөр жаралууда.

Анын үстүнө, 2022-жылдын 26-январындагы Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий билдирүүсүнө ылайык медициналык күбөлөндүрүүчү жол-жоболорду Москва бийлигинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы №1517-ПП Токтомунда аныкталган 17 медициналык мекемелерде да өткөрүүгө болот.

Андан тышкары Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен белгиленген (үч айлык) мөөнөт документтерди аймактык ички иштер органына берүү үчүн анын жарамдуулук мөөнөтүн карары жана ал эч качан 3 айда 1 жолу күбөлөндүрүүдөн өтүү зарылдыгын билдирбестиги белгиленген.

Министрликтин тапшырмасы боюнча Элчилик тарабынан комплекстүү чаралар, анын ичинде аталган жол-жоболорду өткөрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча дипломатиялык иштер кабыл алынууда.

Андан тышкары 2022-жылдын 12-январында КРнын РФдагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чет өлкөлүк жарандарын медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө укук алган Москва шаарынын медицина мекемелеринин иштерине мониторинг жүргүзүү жүзөгө ашырылды.

2022-жылдын 24-январында РФнын ТИМине КРнын РФдагы Элчилигинин Нотасы жөнөтүлдү, анда жол-жоболордон өтүүдө КР жарандары туш болуп жаткан бардык ачыкка чыккан көйгөйлөр жана кыйынчылыктар белгиленген. Россия тарапка бир катар сунуштар киргизилди.

2022-жылдын 28-январында жол-жоболордон өтүүгө байланышкан татаал кырдаал жөнүндө, ошондой эле Россияга Кыргызстандын жарандарынын легалдуу келишине тоскоол жаратуучу көйгөйлүү маселелерге көңүл буруу өтүнүчү менен РФнын ички иштер министри В.Колокольцевдин дарегине КРнын РФдагы Элчиси Г-К.Саматтын кайрылуусу жөнөтүлдү.

2022-жылдын 11-февралында КРнын РФдагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн кызматкери тарабынан жол-жоболорду өткөрүүнүн тартиби менен таанышуу максатында Москва областынын Сахарово поселогундагы көп функционалдуу миграциялык борборго баруусу болду.

2022-жылдын 17-февралында РФнын ТИМине медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсү, дактилоскопиялык каттоо жана сүрөткө түшүү боюнча РФнын ыйгарым укуктуу мекемелеринде, анын ичинде «Сахарово» Миграциялык борбордо ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттеринин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен КРнын РФдагы Элчилигинин Нотасы жөнөтүлдү.

Министрлик жана Элчилик РФнын мыйзамдарына ылайык медициналык күбөлөндүрүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өтүү жол-жобосун жөнгө салуу жана жөнөкөйлөштүрүү боюнча россия тарап менен үзгүлтүксүз иштерди улантып келүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>