6 жашар кызды зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажырады

6 жашар кызды зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажырады

Жаш кызды зордуктоодо күнөөлүү деп табылган жаран прокуратуранын сунушу менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү менен, Н.у.А. аттуу жаран 6 жаштагы кыздын алсыз абалынан пайдаланып, ага карата өзгөчө мыкаачылык менен ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы, анын ден-соолугуна физикалык жана психологиялык залал келтиргендиги үчүн, “зордуктоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Райондук прокуратура бул өкүмгө макул эместигин билдирип, анын жазасы жасалган кылмыштын оордугуна дал келбегендиги үчүн апелляциялык сунуштама келтирген.

Натыйжада, Ош областтык сотунун өкүмү менен апелляциялык сунуштама канааттандырылып, Н.у.А. карата өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>