Нурбек Токтакуновду кармап бара жаткан видео тарады

Нурбек Токтакуновду кармап бара жаткан видео тарады

Нурбек Токтоакуновду кармап бара жаткан видео тарады. Видеону юрист Замир Жоошев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Укук коргоочу Динара Ошурахунова юрист Нурбек Токтакуновду 25-мартта үйүнүн кире беришинен кармап кетишкенин билдирген болчу.

Ошурахунованын айтымында, Токтакуновду Биринчи май райондук милициясына алып кетишиши мүмкүн.

 

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновду судьяларды кемсинткени үчүн майда бейбаштык беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш суткага камоо чечимин чыгарган. Анткени, Токтакунов  Орусия элчилигини алдында өткөн митинг учурунда судьяларды «эч ким эмес» деп атаганы себеп болгон.

Токтакуновдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна арыз берип, анын негизинде кайрадан ал шаардык сот чечим чыгармайын сот залынан бошотулган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>