Кыргызстан үчүн Орусия күйүүчү майга төлөмдөрдү рублга өткөрдү

Кыргызстан үчүн Орусия күйүүчү майга төлөмдөрдү рублга өткөрдү

Кыргызстан орусиялык өнөктөштөрүнө күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү акысын рубль менен төлөй баштады. Бул тууралуу “Акчабар” порталына КР Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Ал  келишимде суммалар доллар менен да, рубль менен да көрсөтүлгөн, бул жеткирүүчүлөргө төлөм валютасын тандоого мүмкүндүк берээрин белгиледи.

«Орус рублине өтүү чекене соодада мунайзаттын баасынын төмөндөшүн же кымбатташын алдын ала айта албайт. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшү же арзандашы мүмкүн экендиги тууралуу айтуу кыйын. Бул категориядагы товарлардын баасы россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдорунун сатуу баасына жараша болот, алар баасын дайыма өзгөртүп турат», — деп түшүндүрдү Эшатов.

Ошондой эле учурда өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы жок экенин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>