Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Азия чемпиондугунда Жуманазарова биринчи беттеште жеңишке жетти
21.04.2022 | 10:06
Улан-Батордо (Монголия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова биринчи беттеште жеңишке жетти.
68 килограммга чейинки салмак категориясында жети спортчу жарыяланды. Алар тайпаларга бөлүнүп, алардан эки кыз жарым финалга чыгат.
Мээрим Жуманазарова биринчи раундда казакстандык Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде жеңип алды.
Экинчи турда Мээрим Жуманазарова кореялык Сужин Парк менен беттешет.
Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты көрсөтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт