Айыл чарба министрлиги бюджетке ири көлөмдө зыян келтирди

Айыл чарба министрлиги бюджетке ири көлөмдө зыян келтирди

Айыл чарба министрлигинин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 17 млн ​​553,2 миң сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Төмөнкү мыйзам бузуулар аныкталды:

  • эмгек акынын негизсиз төлөмдөрү – 11 млн 929,6 миң сом;
  • каражаттарды максатсыз пайдалануу — 965,4 миң сом;
  • Жашыруун дебитордук жана ашыкча кредитордук карыз – 50,7 миң сом.

«Мындан тышкары, 693,3 миң сомго күйүүчү-майлоочу майларды негизсиз ашыкча пайдалануу фактылары аныкталган. Күйүүчү-майлоочу майлардын басымдуу бөлүгүн министрликтин жетекчилиги пайдаланган. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорундагы мыйзам бузуулар катталды. Тендерсиз 928,2 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктар сатылган», — деп айтылат Эсеп палатасынын билдирүүсүндө.

Министрликтин башкы аппараты жана ага караштуу мекемелер тарабынан химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине тиешелүү жалпы суммасы 2 миллион 983,8 миң сомдук беш даана ар кандай атайын техникалар максатсыз пайдаланылган.

Финансылык мыйзам бузуулардын аныкталган жалпы суммасынан текшерүүнүн жүрүшүндө 246,3 миң сом өндүрүлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>