Вицелерди мыйзамдуу дайындаганбыз! Мэрия прокуратурага жооп кайтарды.

Вицелерди мыйзамдуу дайындаганбыз! Мэрия прокуратурага жооп кайтарды.

Бишкек шаарынын вице-мэрлерин дайындоо мыйзамдуу жол менен жүргөн. Бул туурасында борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын келтирген жүйөлөрүнө караганда, Конституцияга ылайык, Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору, статусу мыйзам менен аныкталуучу республикалык маанидеги шаар болуп саналат.

“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэрлер, анын ичинде биринчи вице-мэрлер болоору белгиленген. Вице-мэрлерди шаардын мэри кызматка дайындайт жана бошотот.

Муну менен катар эле бир катар мыйзамдарды жүйө келтиришкен.

Бишкек шаардык прокуратурасы вице-мэрлер Бактыбек Абдиев, Нурлан Шаршеналиев жана Олег Попиков мыйзам бузуу менен дайындалганы тууралуу актыны мэрге жөнөткөн.

Прокуратуранына маалыматына ылайык, «Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 49-беренесин бузуу менен дайындалган. Аталган мыйзамга ылайык, вице-мэрлер муниципалдык кызматкерлердин резервинде турган адамдардан дайындалышы керек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>