Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстандык бийчилер эл аралык мелдеште жеңиштерге жетти
23.05.2022 | 19:49
20-21-22-май күндөрү Казакстандын Нурсултан шаарында спорттук жана бал бийин аткаруучулардын дүйнөлүк “Silk Way-2022” фестивалы өтүп, анын алкагында Ачык Азия кубогу өттү. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Бий спорту федерациясынын бийчилери бул фестивалга катышты. Ага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин 10 өлкөдөн бир жарым миңден ашык спортчулар чогулушту.
Дүйнөлүк фестивалда кыргызстандык спортчулар мыкты жыйынтык көрсөтүштү:
- Фарух Мамаджанов менен Регина Лисовская экөө бийлешкен дуэт чемпион болуп, чоңдор категориясында Азиянын Ачык Кубогун жеңип алышты.
- Говард Чолпонбаев менен Айбийке Нурланованын дуэти да чемпион болуп, жаштар категориясында Азиянын ачык кубогунун жеңүүчүсү болуп калды.
- Дмитрий Блинков менен Асал Мамбетованы дуэти вице-чемпион наамына камсыз кыла алышты. Азиянын Ачык Кубогунун жаштар категориясы боюнча экинчи, жаштар арасында “Rising Stars” жеңүүчүсү деп табылды.


Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар