Европада мөмө-жемиштерден коркунуч жаралды

Европада мөмө-жемиштерден коркунуч жаралды

Евробиримдиктин базарларындагы жаңы мөмө-жемиштер менен жашылчалар коркунучтуу пестициддер менен булганган. Көз карандысыз эксперттер жана пестициддерге каршы күрөшүү уюмдарынын коомдук активисттер тобу ушундай тыянакка келишти. Бул туурасында чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, дээрлик 100 000 үлгүнүн тогуз жылдык анализи отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жана өсүмдүктөрдүн илдеттерин жок кылуу үчүн колдонулган бул заттардын курамы 53 пайызга көбөйгөнүн көрсөттү. Кара бүлдүркөн эң көп жуккан (51%), андан кийин шабдалы, кулпунай, алча жана өрүк. Жашылчаларга келсек, химиялык заттар көбүнчө селдерейде, кээ бир тамыр жашылчаларында жана  капустада болгон.

«Биз бир гана мөмө түрүндөгү ар кандай пестициддердин көлөмү көбөйгөнүн байкадык.  Пестициддердин бир түрү да терс таасирин тийгизиши мүмкүн, ал эми бир мөмөдөгү эки пестицид өз ара аракеттенип, ал тургай изилдене элек эффекттерди жаратышы мүмкүн»-деди изилдөөчү Анжела Рупп.

Евро Биримдикке мүчө мамлекеттер керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өздөрүнүн мыйзамдарын аткарбайт деген тыянакка келген. Ошондой эле “Фермадан дасторконго” европалык стратегиянын алкагында камтылган пестициддерди колдонууну азайтуу талабын бузган.

«Биз дыйкандарды жиндендирине тийбейбиз, бирок биз таза дыйканчылыкты жактайбыз. Биз бийликтерге, ЕБ мамлекеттерине тамак-аштагы пестициддердин калдыктарын чектөө үчүн альтернативалык ыкмаларды жана эрежелерди киргизүү үчүн кысым көрсөтүшүбүз керек«-деди окумуштуу.

Евроньюстун суроосуна Еврокомиссия отчеттун чоо-жайын комментарий берүүдөн баш тартты, бирок Европанын Азык-түлүк коопсуздугу органынын (EFSA) пестициддер үчүн тамак-ашты изилдөөсү оң тенденцияны көрсөткөнүн баса белгиледи.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>