Филипин: Жер титирөөдөн кишилер көз жумуп, бир канчасы жараат алды

Филипин: Жер титирөөдөн кишилер көз жумуп, бир канчасы жараат алды

Филиппинде болгон катуу жер титирөөдөн кеминде төрт киши каза болду. 60тан ашууну жарадар болгон. Маалыматты республиканын Ички иштер министрлигинин башчысы билдирди. Зилзаланын таасири 15 провинцияга, 15 шаарга, 280 муниципалитетке тийген. Бир нече көпүрө, унаа жолдор жана 200гө жакын имарат жарактан чыкты.

«Кырсык жакынкы күндөрдө да уланат. Бирок менимче, мүмкүн болгон нерселердин баары аткарылды. Биз муктаждарга кам көрө алдык. жана жапа чеккендерге кол сундук» — деди Филиппиндин президенти Фердинанд Маркос кенже.

Шаршемби күнү Лусон аралында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Филиппиндин вулканология жана сейсмология институтунун маалыматы боюнча, кырсыктын очогу Таюм муниципалитетинен (Абра провинциясы) 3 чакырым түндүк-чыгышта болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>