Соода түйүндөн кызды сабаган киши, кароолчуга да кол көтөргөн (видео)

Соода түйүндөн кызды сабаган киши, кароолчуга да кол көтөргөн (видео)

Соода түйүндөн 18 жаштагы кызга кол салган жигит, бир гана кызга эмес, кароолчууга да кол көтөргөн. Бул туурасында жарандык активист Эртай Искаков Телеграм каналына жазды.

Анын жазганына караганда, соода түйүндүн балдар аянтынан кызга кол көтөрүп, сабап жатканда кароолчулары ажыратууга жетип келишкен. Ал эркек кызды сүзүп, колун бураган. Анын денесинде көгөргөн тактар менен кошо сыйрылган жерлерин көрүүгө болот. Зордук-зомбулук көрсөткөн киши кароолчууну «өлтүрөм»- деп коркуткан. Ал азыр үйгө жалгыз баргандан коркуп, ээн-эркин баса албай калган.

Окуя 14-июль күнү соода борбордун бириндеги балдар аянтында болгон. Андан көп өтпөй милицияга кабар беришкен. Алар жарым сааттан кийин келишкен. Арыз жазып, видео далилдерди, медициналык кортундулары менен бергенине карабастан иш алдыга жылбай жатат.

 

Бирок, окуя кайсы калаада болгону боюнча так маалымат жазган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>