БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Энергетика министрлиги 5,4 сомдук “чексиз” тарифин киргизет
27.07.2022 | 18:44
Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн жаңы “чексиз” тарифин киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Министрликтин демилгесине ылайык, бул тариф боюнча 1 кВт/саат электр энергиянын баасы 5,4 сом болот жана жарандар электр энергиясын чектөөлөрсүз колдоно алат. Бекмурзаевдин айтымында, бул тарифти киргизүү энергетика тармагына кошумча каражаттын түшүшүнө өбөлгө болот. Азыркы тапта бул маселе өкмөт башчынын кароосунда турат.
Министр белгилегендей, бул тарифке ар бир каалаган жаран кошула алат.
“Бул тарифке өтүүгө эч ким мажбурлабайт. Кышында үйүн көмүр менен эмес, электр энергиясы менен жылытууну калаган жарандар өтө алат”, – деди ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом