Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайы
Орусияда кыргызстандык келин 7 жаштагы баласын саткысы келген. ТИМ үн катты
11.08.2022 | 21:43
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда кыргызстандык аялдын баласын сатуусу боюнча иштин чоо-жайын иликтеп жаткандыгын билдирди.
Буга чейин орусиялык басылмаларда Екатеринбург шаарынын тургуну карызын төлөө үчүн уулун сатууга макул болгондугу айтылган.
Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын тергөөчүсү менен жолугушту.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бала социалдык мекемеге жайгаштырылат.
Башкы консулдук Кыргызстандын шектүү жаранына адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтөт. 11-августта баш коргоо чарасын тандоо боюнча соттун жабык отуруму болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар