Бишкекте унаа калкты тейлөө борбору ачылды

Бишкекте унаа калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн, 15-сентябрда Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн филиалынын Батыш Унаа калк тейлөө борбору пилоттук долбоордо расмий ачылышы өткөрүлдү. Бул туурасында аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Батыш Унаа калк тейлөө борбору Бишкек шаарынын Алыкулов көчөсү 3/10 дареги боюнча жайгашкан. Б орбордун жалпы аянты 288 чарчы метрди, парковка зонасынын жана транспорт каражаттарын кароо үчүн аянты 2000 чарчы метрди түзөт.

Жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Батыш Унаа калк тейлөө борбору унааларды катоодо тейлөөлөрдүн жеткиликтүү болуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Иш жүргүзүү үчүн мейкиндигинин өзгөчөлүгү – мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга, кызмат көрсөтүүнүн тездигин жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган. Батыш Унаа калк тейлөө борбору «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштейт жана транспорт каражаттарынын мамлекеттик номердик белгилерин берүү жана транспортту каттоо/кайра каттоо боюнча тейлөө көрсөтөт. Мындан тышкары бардык процедуралар жөнөкөйлөтүлгөн жана жөнгө салынган, электрондук кезектүүлүк тутуму ишке киргизилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2022-жылдын 8 айынын ичинде  «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишинин натыйжасында республикалык бюджетке 736 млн. 313 миң сом түштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>