Азымбакиев ЕвроБиримдик менен чек арадагы кырдаалды талкуулады

Азымбакиев ЕвроБиримдик менен чек арадагы кырдаалды талкуулады
 20-сентябрь күнү  АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Тараптар Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясынын натыйжасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.
Кыргыз тарап Жогорку өкүл Ж.Боррелге 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын ишенимдүү хронологиясын билдирди. М.Азымбакиев 59 маркум, 160тан жабыркаган, 140 миңден ашуун ички жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилер, анын ичинде мектептер жана турак-жайлар талкаланганын, мамлекеттик мүлктү жана кыргыз жарандарынын мүлкүн басып алуу жана талап-тоноо фактылары тууралуу маалымдады.
Ал кыргыз тараптын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз тарап Кыргызстандын  эгемендүү аймагын тажик куралдуу күчтөрүнүн кезектеги негизсиз кол салуусунан өзүн-өзү коргоо максатында гана аракеттенгенине Жогорку өкүлдүн көңүлүн бурду.
Өз кезегинде Жогорку өкүл курман болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ж.Боррель кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, аны деэскалациялоого, ошондой эле тараптардын ортосундагы конструктивдүү тынчтык диалог аркылуу гана мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги иш сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу боюнча жакынкы келечектеги пландарды жана соода-экономикалык кызматташууну талкуулашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>