Жапаров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунда болду

Жапаров БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунда болду

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров ФАО менен ийгиликтүү өнөктөштүктү белгилеп, өлкөдө бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан Уюм менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.

Бүгүнкү күндө агрардык тармак жана азык-түлүк коопсуздугу маселеси негизги маселелердин бири экенин эске алган Садыр Жапаров кыргыз тарап бул багытта ФАО менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү кааларын баса белгиледи.

Өз кезегинде ФАО Башкы директору Цюй Дунъюй жолугушууга кубанычта экенин билдирип, Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстанда туруктуулук болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, ФАО азык-түлүк системаларын жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн чоң дарамети бар Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууга артыкчылык берүүгө даяр.

Цюй Дунъюй ошондой эле кызматташууга мүмкүн болгон ар кандай долбоорлорго токтолду. Ал Кыргызстандын тоо маселелерин алдыга жылдырууну, өлкөдө башталган «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоого алды.

Башкы директор Цюй Дунъюй ФАО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>