Бишкек менен Чүйдө көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө

Бишкек менен Чүйдө көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө

Кара-Кече кенинен чыккан көмүр «Шабыркул» ЖЧКсы, «Кара-Жыра» ЖЧКсынын базаларында, Токмок шаарындагы жана Бишкектин айланма жолундагы көмүр сатуучу жайларда 5 миңден 5 400 сомдон сатылууда. Бул тууралуу монополияга каршы органдын сайтында маалымдалды.

«Ташуучулар жана сатуучулар менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча баалар сатуучулар үчүн да, ташуучулар үчүн да тоннасына тиешелүүлүгүнө жараша 4 600 — 4 200 сомго чейин төмөндөтүлгөн«, — деп айтылат маалыматта.

Кызматтын маалыматы боюнча, көмүр базаларында жана көмүр сатуучу жайларда, мисалы, Аламүдүн районундагы сатууга сунушталган баа тоннасына 4600 сомду түзөт. Бул эсептөөлөр көмүр, күйүүчү май, амортизация, салык, эмгек акы жана башка нерселерди сатып алууга кеткен чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>