Жанар Акаев активисттердин бошотулушун талап кылды

Жанар Акаев активисттердин бошотулушун талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев  саясатчы, активисттердин кармалышы боюнча Фейсбуктагы баракчасына видео кайрылуу жасады.  Ал бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш экенин айтты жана аларды тез арада бошотууну талап кылды.

«Жарандык активисттердин, саясатчылардын, блогерлердин үйүнүн тинтилиши, камакка алынышы өтө өкүнүчтүү окуя жана өтө чоң мыйзам бузуу. Анткени Конституцияда так жазылган, жарандар кандай гана болбосун өзүнүн ой-пикирин ачык билдирүүгө укугу бар. Кайсы бир маселе боюнча оюн айтып койгону үчүн алардын бала чакасынын планшеттеринен бери алып кеткени, өздөрүн камакка алганы — акылга сыйбаган көрүнүш. Демократиялуу, эркин Кыргызстанда мындай окуя кечирилгис. Ошондуктан кармалгандарды тез арада бошотууну талап кылам, анткени алардын кармалышы мыйзамсыз.

Биз диктатуралык мамлекетке айланбашыбыз керек. Ички ынтымактын ыдырашына жол бербейли. Өлкөдө кайсы бирин камап койсо эле башкаларынын да «оозу жабылып», унчукпай калбайт. Бир гана диалог керек» , — деди депутат.

 

Бүгүн, 23-октябрь күнү таңдан тарта Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү менен кошо пикирлештеринин бир канчасынын үйүн тинтип, суракка алды. Айрымдарын 48 саатка камакка алды.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын расмий ИИМ билдирүүдө.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>