Масадыков талиптер менен коопсуздук маселесин талкуулады

Масадыков талиптер менен коопсуздук маселесин талкуулады

Кыргызстандын президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков 6-ноябрда Кабулга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, КР башчысынын атайын өкүлү «Ооганстандын иш жүзүндөгү бийлик органдарынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү үчүн» иш сапары менен барган.

«Жумушчу сапардын жүрүшүндө «Афганистан Ислам Эмиратынын» премьер-министринин биринчи орун басары Абдул Гани Барадар, милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин орун басары Абдул Салам Ханафи, Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен  аймактык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маданий байланыштар, транспорт коридорлору жана ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды»- деп айтылат билдирүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>