Куурчак театрдын директору Куланбаев элдин колдоосуна муктаж

Куурчак театрдын директору Куланбаев элдин колдоосуна муктаж

М. М.Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору Болот Куланбаев автокырсыкка кабылып, учурда элдин колдоосуна муктаж болуп турат. Бул туурасында аталган театрдын коллективи социалдык тармактар аркылуу билдиришти.

Маалыматка караганда, Болот Куланбаев жубайы менен бирге жол кырсыгына кабылып, 4-оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат. Ал өз убагында театралдык жана маданий ишмердүүлүгүндө көптөгөн чыгармачыл коллективдер менен иштешкен.  Келерки аптада хирургдардын эки бригадасы бир убакта эки бутуна операция жасашат. Ошондон улам ага шашылыш түрдө операция жасоого каражат, кан жана реабилитациядан кийинки мезгилге коляска ж.б.у.с. керектүү шаймандарга муктаж.

“Урматтуу кесиптештер, мекеме жетекчилери, ал үчүн бул оор мезгилде четте калбайсыңар деп ишенебиз… Урматтоо менен куурчак театрдын коллективинин атынан”— деп айтылат кайрылууда.

  • Банктык эсептин реквизиттери (Куланбаев Кайрат, уулу)
    Демир 4215 8901 1735 6441
    Банк Кыргызстан 4177 4901 6868 4936
    Элкарт 9417 7191 2339 5314
    М-банк 0707290938
    МегаПей 0553464633
  • Кан тапшыруу үчүн Айтматов көчөсү 60 дарегине кан тапшыруу борборуна кайрылуу керек.
    Кан Куланбаев Болотбекке, 4-шаардык ооруканасы №1 травматология бөлүмү, №1 корпус.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>