Өкмөт сүт өндүрүүчүлөргө талапты күчөтүүнү сунуштоодо

Өкмөт сүт өндүрүүчүлөргө талапты күчөтүүнү сунуштоодо

Айыл чарба министрлиги чийки сүттү берген тарап менен аны кайра иштетүүчү ишканалардын ортосундагы алаканы жөнгө салуу тууралуу Министрлер кабинетинин токтомун коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, сүт өндүрүүдөгү пайдаланылган жабдуулар санитардык нормаларга ылайык келүүгө тийиш. Токтомдогу талаптар боюнча сүт өндүрүүчүлөрдүн санитардык китепке ээ болуп, жабдууларды жуу жана дезинфекциялоо аткарылып турушу керек. Ошондой эле, аларды каттоо боюнча документтери болууга тийиш. Жеке үй чарбаларынан алынган ветеринардык сертификаттар, чийки сүткө байкоо жүргүзүү процедурасын камсыз кылуу үчүн тесттин натыйжалары да болушу шарт.

Сүт соо саан уйлардан эпизоотиялык коопсуз чарбалардан алынышы керек. Алардын клиникалык статусу ветеринардык сертификаты бар саан уйлардын ээлери тарабынан ырасталышы керек”, — деп белгиленет документте.

Мындан тышкары, ишканаларга сүттү жеткирүү сүттүн коопсуздугун тастыктаган, сыноолордун натыйжаларын камтыган ветеринардык коштоочу документ менен берилүүгө тийиш. Бул ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан көзөмөлдөнүшү зарыл.

“Чийки сүттү жеткирүү жол-жобосун ишке ашыруу үчүн берүүчү менен ишкананын ортосунда сүттү кабыл алуу жана жеткирүү боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери чагылдырылган келишим түзүлөт”, — деп айтылат документте.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: сүт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>