Баткенде үй-жайсыз калгандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Баткенде үй-жайсыз калгандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

2022-жылдын сентябрь айында Баткендеги чек арада орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан 429 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы 429 үй-бүлөнүн Бишкек шаарында туугандарынын үйүндө убактылуу жашап жаткан 24нө таратылды.

Анда БУУнун миграция боюнча эл аралык агенттиги тарабынан үй жайы толугу менен өрттөлүп, талкаланган үй бүлөлөргө турмуш тиричиликке эң зарыл болгон буюмдар, кийим кечелер таратылды.

Иш чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү катышып, Баткендик мекендештерден кабар алды.

429 үй бүлөгө алынган жардам БУУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча борбордук фондунун жана Германия өкмөтүнүн каржылоосу менен алынды. Мындан сырткары БУУнун качкындар жана дүйнөлүк азык -түлүк программасынын алкагында да Баткен элине жардам көрсөтүлүүдө.

Маселен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан гуманитардык жардам иретинде мурда жарыяланган 400 тоннанын 230 тонна байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы келген. 2022-жылдын декабрынын орто ченинде жана 2023-жылдын январында ДАТП 500 тонна байытылган ун жана өсүмдүк майы түрүндөгү гуманитардык жардамды берүү пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>