Стамбул: Кыргызстандын консулдугу абактагы кыргыз аялдарга барды

Стамбул: Кыргызстандын консулдугу абактагы кыргыз аялдарга барды

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу  абакта жаткан кыргыз аялдардан кабар алды. Бул тууралуу аталган консулдуктан билдишти.

Маалыматка караганда, Башкы консулдуктун кызматкерлери «Баңги затына тиешелүү» жана башка айыптар менен Бакыркой жабык аялдар абагында жаткан Кыргызстандын жарандары 1983-жылы туулган «Л.О.», 1989-жылы туулган «Ж.О.» жана 1980-жылы туулган «З.К.» аттуу жарандар менен жолугушуу өткөзүп, ал-акыбалын сурап келди.

Жолугушууда Башкы консулдуктун кызматкерлери камак жайларынын шарттары менен таанышып, жарандарга түрдүү маселелер боюнча кеңештерди берип, түрк мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жарандар тарабынан камак шарттарына карата даттануулар болгон жок.

Башкы консулдук абактагы жарандар менен алардын ата-энеси жана туугандарын телефон аркылуу байланыш түзүсүнө көмөк көрсөтүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Стамбул

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>