Токмокто курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды

Токмокто курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы 3-кичирайонунун аймагынан ок атуучу курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, курал сактоочу жайдан 1 желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал), 1 револьвер тапанчасы, 1 Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ), 1 ПМ магазини, 7 (9мм) ПМдин травматикалык патрону , 10 (16 калибр) аңчылык патрону жана 5,45 калибрдеги 88 патрон табылган.

Аталган факты Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>