Ошто «Ош сила» лотереясынын ишмердиги токтотулду

Ошто «Ош сила» лотереясынын ишмердиги токтотулду

Ошто жана Ош облусунда лицензиясын албай туруп «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштурулгандыгы аныкталганын УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар «Лотереялар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында тиешелүү «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштурушкан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдарга Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилгендигин, бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан.

Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда, лотерея ойноочу унаалардан лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган. Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош сила

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>