Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу иштери башталды

Ысык-Көлдү таштандыдан арылтуу иштери башталды

12-март күнү, Ысык-Көлдүн булганган акваториясын таштандылардан жана балык уулаган торлордон масштабдуу түрдө тазалоо максатында «Ысык-Көлдү коргойлу» аталышындагы самаалыктын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жасоо борборунун суучулдары атайы бекитилген планга ылайык тазалоо ишин жуманын иш күндөрү жүргүзүп отуруп, көлдүн бардык акваториясын камтуу алдында турушат. Ошондой эле суучулдардын катарында ыктыярчылар да бар.

Бул ишти натыйжалуу жана сапаттуу аткаруу үчүн быйыл Түркия мамлекетинен алып келинген «Дельта» катери колдонулат. Аталган катердин жүрүү ылдамдыгы саатына 40км чакырымды түзүп, ичине 10 суучул шаймандары менен батат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>