Жамгыр жаайт. 13-мартка карата аба ырайы

Жамгыр жаайт. 13-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу аймактардын жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +2…+7

күндүз +9…+14

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +10…+15

Баткен облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +15…+20

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +6…+11

күндүз +15…+20

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн 0…+5

күндүз +9…+14

Нарын облусу

түнкүсүн -1…-6

күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>