КОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөтБишкектиктер августтун аягында төрт күн катары менен эс алышат
Төө-Ашууда дөңгөлөк чынжырчасы бар унаалар өткөрүлүүдө
17.04.2023 | 22:10
Жайыл району Бишкек — Ош унаа жолунун 125-129-чакырымында пайда болгон жол тыгыны жоюлуп, каттам калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Мындан улам “К. Көлбаев” атындагы тоннелдин түштүк тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынып, 20:40тан тартып дөңгөлөк чынжырчасы бар жеңил унааларды кезеги менен өткөрүүдө. Ал эми калган унааларга чектөө алына элек.
Эске салсак, жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу максатында бүгүн саат 15:40та “Сосновка” постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар