Кемпир-Абад иши: Абактагылар эки айга камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши: Абактагылар эки айга камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан журналист, саясатчы, активисттер Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга камакта калтырылды. Бул туурасында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, сот тарабынан бир катар активисттер 20-июнга чейин камакта калтырылды.

Алар: Азимбек Бекназаров, Марат Баязов, Жениш Молдакматов, Ильгиз Шаменов, Атай Бейшенбек, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов,Темир Махмудов, Акыл Айтбаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Айданбек Акматов, Эрлан Бекчороев, Али Шабдан.

Буга чейин Биринчи май райондук соттун чечими менен былтыр 22-октябрдан бери камакта отурган Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Улугбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты.

Ага чейин Талант Эшалиев, Нурлан Асанбеков, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова үй камагына чыккан. Үй камактагылардын катарында мурдагы депутат Канат Исаев да бар. Ал октябрь айындагы жапырт камоолор учурунда 2017-жылдагы иши боюнча кармалган.

Ошол эле учурда Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрь айында кармалган башка 15 адам камакта отурат. Дагы бир киши — активист Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) издөөгө алынган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>