Депутат министрлер кабинетинен 797 мечитти мыйзамдаштырууну сурандыБишкекте үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу «Курак» тасмасын көрсөтүүгө тыюу салындыШвейцария Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорун колдойтМамлекет Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандантууга ири каражат бөлдүБишкек мэриясы: бак-дарактар менен гараждар түгөндү, эми балкондорго киришти«Ала-Арча» жаратылыш паркына кирүүнүн баасы көтөрүлдү
Европа: Жыл сайын миңден ашык бала булганган абадан улам каза табат
24.04.2023 | 23:52
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Европа агенттигинин жаңы баяндамасына ылайык, Евробиримдикте жыл сайын 1200дөн ашык балдар жана өспүрүмдөр абанын булганышынан каза табат.
Акыркы он жылдыкта өзгөчө зыяндуу эмиссиялардын деңгээли азайгандыгына карабастан, атмосферада озондун, азоттун диоксидинин (NO2) жана диаметри 2,5 микрометрге чейинки (PM 2,5) бөлүкчөлөрүнүн курамы ДСУ белгилеген ченемдерден ашат. ЕБнин шаар калкынын 90%га жакыны аларга дуушар болушат, эң начар көрсөткүчтөр Борбордук жана Чыгыш Европада, ошондой эле Италияда катталган.
Докладдын авторлору белгилегендей, абанын булганышы аз салмактуу баланын төрөлүү коркунучун жогорулатат, өнөкөт оорулар да ага байланыштуу, анын ичинде астма, Европада жашы жете электердин 9% жабыркайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар